Орой сөздөрү үчүн атагы чыгып, кызматынан кол жуугандар (видео)

592

Иши менен эмес, орой сөздөрү үчүн атагы чыгып, кызматынан кол жууган Туйгунаалы Абдраимовдун ордуна Чүй областынын жетекчиси болуп Алтынбек Намазалиев дайындалды. Ал буга чейин Аламүдүн районунун акими болуп иштеп келген. Ал эми Туйгунаалы Абдраимов жосунсуз жоругу менен өкмөткө көлөкө түшүрдү деген жүйө менен жумуштан алынганы айтылууда.

Абдраимовдун окуясы — эч кимди тоготпой, өзүн баарынан жогору сезген аткаминерлерге сабак болушу керек, дейт эксперттер. Ал арада мамлекеттик кызматкерлердин саясий маданияттуулугун жогорулатуу үчүн окутуу сунушталууда.