Орок айылында жаңжалдашкан тараптардын бири кечирим сурады (видео)

1026

Чүй областынын Орок айылында абал турукташып калды. Бүгүн кайрадан 100гө чукул адам чогулуп, абакка киргизилген айылдык кеңештин депутаты Кылычбек Боркоевди бошотууну талап кылышты. Жергиликтүү депутат Боркоев кечээ чыр-чатакты уюштурууга шектүү катары кармалган.

Азыркы тапта Орок айылындагы абалды милиция кызматкерлери көзөмөлгө алууда. Кечээ Чүй областынын Сокулук районундагы Орок айылында айт намаз окулган соң, андан чыгып бараткан 3 бала уруша кетип, алардын туугандары 2 тарап болуп нааразычылык акциясына чыгышкан.