Орок айылындагы абалды милиция кызматкерлери көзөмөлгө алууда

858

Чүй областынын Орок айылындагы жаңжалдан кийин кармалган 31 адам кое берилди. Ал эми бирөө Сокулук районундагы убактылуу кармоочу жайында калды. Укук коргоо органдарынан маалымдашкандай, чыр-чатакты уюштурууга шектүү катары жергиликтүү кеңештин депутаты Кылыч Боркоев кармалган. Сот тарабынан анын баш коргоо чарасы каралат.

Азыркы тапта Орок айылындагы абалды милиция кызматкерлери көзөмөлгө алууда. Учурда абал туруктуу. Чогулгандар жок. Чүй областынын Сокулук районундагы Орок айылында айт намаз окулган соң, андан чыгып бараткан 3 бала бири-бири менен уруша кетишкен. Анда 2 бала сабалып, жабыркагандар ооруканага жеткирилген.

Мындан соң, мушташып кеткен балдардын туугандары 2 тарап болуп нааразычылык акциясына чыгышкан. Бул учурда 2 тараптан мыйзамга каршы иш-аракеттер жасалып, 15 үйдүн терезелери талкаланып, чөп жыйылып турган сарай өрттөлгөн. Буга шектүүлөр кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.