Орок орто мектебинде курулуш башталганы турат (видео)

1018

Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражатка алгачкы мектептер салына баштады. Жалпысынан Чүй областында жана Бишкек, Ош шаарларында билим берүү жайларында орун тартыштыгы байкалган. Мындан улам, окуучулар нормадан бир нече эсеге көп мектептер тизмектелген. Биринчилерден болуп, Чүй областынын Сокулук районундагы Орок орто мектебинде курулуш башталганы турат.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы жана борборго жакын айылдагы мектептердин абалы, анда салына турган жаңы окуу корпустарынын долбоору менен таанышты. Алгач Чүй областындагы Орок мектебине, андан соң Бишкек шаарындагы №59-мектепке барды. Эки жакта тең учурда нормадан 3-4 эсеге көп окуучу билим алышууда.