Орозо айтка байланыштуу ача пикир жаралды (видео)

644

Кыргызстанда Орозо айт 5-июнда белгиленет. Айрым диний ишмерлер Сауд Арабияда ай көрүнүптүр, орозо бүттү деген маалыматты социалдык тармактарда тарата баштаган. Мындан улам эки анжы ой пайда болуп, айрымдары оозун ачып салышкан.

Муфтият бул боюнча түшүндүрмө берип, Орозо айт майрамы Кыргызстанда 5-июнда белгиленет, деп дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. Ошондой эле, башка өлкөлөр менен ортодогу айырмачылыктар боюнча түшүндүрүп беришти.