Орозо айында битир-садакадан 36 миллион сом чогулду (видео)

1032

Быйыл Орозо айында жалпы Кыргызстан боюнча битир-садакадан 36 миллион сом чогулду. Бул каражаттын 20 пайызын Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Муфтиятка атайын арыз менен кайрылган 500дөй жардамга муктаж жаранга таркатып берди. Ал эми калган сумма жергиликтүү мечиттер аркылуу жардам сурап кайрылгандарга мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, жетим-жесирлерге берилет. Эскерте кетсек, өткөн жылы зекет бергендерден 33 миллион сом чогулган болчу.