Өрт чыккан Ботаникалык бак – жайлоого айланабы? (видео)

1217

Бишкектеги Ботаникалык бак кыйылып, анын аймагына этнографиялык комплекс курулабы? Мындай маалыматты жарандык активисттер айтып чыгышты. Буга далил катары тиешелүү документтин үлгүсүн жиберишкен. Мында ботаникалык бак көк жайыкка айланып, боз үйлөрдүн шаарчасы курулуп, ал жерде ат оюндары уюштурулуп, улуттук майрамдар өткөрүлөт деп жазылган. Демек, бул идеяны ишке ашыруу үчүн бир нече гектар жер бошотулуп, миңдеген бак-дарактар, гүлдөр, бадалдар жок кылынат, дешет жарандык активисттер. Бирок шаарды деталдуу пландоо долбоорунун үстүнөн иштеп жаткан мамлекеттик шаар курулушу жана архитектура долбоорлоо институнуну жетекчиси Жыргалбек Асаналиев бул маалыматты четке кагууда.