Өрт өчүрүүчүлөрдүн психологиялык даярдыктары текшерилди (видео)

2425

Алоолонгон жалынга каршы күрөшүүдө өрт өчүрүүчүлөр дүрбөлөңгө түшпөй, өзүн токтоо алып жүрүшү маанилүү. Ошол эле учурда өздүк коопсуздукту сактоосуна өзгөчө көңүл бурушу зарыл. Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин даярдоо борборунда өрт өчүрүүчүлөр менен куткаруучулардын психологиялык даярдыктары текшерилди.

Машыгуу кырсыктар көбөйүп жаткандыктан өздүк курамдын тажрыйбасын артыруу максатында өткөрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында быйыл өрт кырсыктарынын саны 19 пайызга көбөйгөн. Бир эле Бишкек шаарында жылына орто эсеп менен 500дон 800гө чейин тилсиз жоо катталат.