Орто-Токой суу сактагычы 1 айга жетпей соолуп калышы мүмкүн (видео)

2442

Орто-Токой суу сактагычы какшып калбасы үчүн дыйкандар сугат жерлерин кезектешип сугарууга өтүшөт. Бул тууралуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Кечээ Жогорку Кеңеште суу көйгөйү жана антикризисттик чаралар тууралуу маалымат берип жатып, өкмөт өкүлдөрү аталган резервуардда 1 айга гана жете турган суу калганын айтышкан.

Бул өз кезегинде бир топ кооптонууну жаратууда. Себеби бул суу сактагыч аркылуу айыл-чарба талааларын сугарган дыйкандар жүздөп саналат. Ал арада суу көйгөйү курч турганда Бишкектеги электр жылуулук борбору көгүлтүр отко өтпөй турганы да белгилүү болду.