Орто-Токой суу сактагычын башкаруу Кыргызстанга өткөрүлөт (видео)

1163

Орто-Токой суу сактагычын башкаруу толугу менен Кыргызстан тарапка өткөрүлөт.  Кыргызстан менен Өзбекстандан ортосунда 6-октябрда кол коюлган келишим Жогорку Кеңеште 3 окууда ратификацияланды. Ага жыйынга катышкан 110 депутаттын бардыгы «макул» деген добушун берди. Эми аталган обьект Суу департаментинин балансына өткөрүлөт. Суу сактагычты техникалык жактан тейлөөгө кеткен каражаттын дээрлик бардыгын Өзбекстан тарап көтөрөт. Себеби суунун 92 пайызын кошуналар колдонот. Ошондой эле, ремонт иштерине да өзүнчө каражат каралат. Ушул жана башка маселелер боюнча учурда эки өлкөнүн өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссия иш алып барууда.