Ортомчуларсыз, арзан баадагы азык-түлүктөрдүн жарманкеси (видео)

1067

Ортомчуларсыз жана арзан баадагы азык-түлүктөр. Айыл чарба, тамак аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлиги жаңы жылдык жарманке уюштурду. Иш-чара 26-декабрда өткөрүлүп, ага өлкөнүн ар кайсы аймагынан фермерлер, багбандар жана 75 ишкананын өкүлдөрү катышты.

Жарманке эртең мененки онго белгиленгени менен бир саатка жетпей башталып, көпчүлүк өндүрүмдөр аз убакыттын ичинде таланып кетти. Өзгөчө топоз, баглан козу, уй эти жана жумуртка — эң көп сатылган товарлар болду.