Өрттөн кийин көчөдө калган үй-бүлө жардамга муктаж (видео)

3433

Чүйдүн Беш-Күнгүй айылында өрттүн кесепетинен турак-жайсыз калган үй-бүлө жардамга муктаж. Кырсык 20-октябрда катталып, 15 мүнөттүн ичинде там күлгө айланган.

Өрт башталганда үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү сыртка чуркап чыкканга үлгүрүшкөн. Учурда турак-жайсыз калган жубайлар 3 баласы менен туугандарынын жана кошуналарынын үйүндө жашап жатышат.