Өрттөн кийин жабылган кампа кайра иштеп жатабы? (видео)

5602

Чүй областынын Маевка айылында унаа тетиктери сакталган 3 кабаттуу кампа бир заматта күлгө айланды. Бул жай эл жашаган үйлөрдүн ортосунда жайгашкан. Өрттү өчүрүү үчүн 5 бригада тартылган. Жергиликтүү тургундардын айтымында, жалындын жайылып кетүү коркунучу жогору болду.

Калктуу конуштун ортосунда жайгашкан жайларда коопсуздук эрежелеринин бузулушу биринчи жолу болуп жаткан жок. Буга чейин Бишкекте күйүүчү май сакталган кампадан өрт чыгып, тиешелүү мекемелер бир нече жолу жаап кеткенине карабай ишмердүүлүгүн улантып жатканы айтылууда. Мындай жайлар качан иретке келтирилип, эл коопсуздугу үчүн качан тынчсызданбай калат?