Өрттөн жабыр тарткандарга компенсация берилеби? (видео)

866

Өкмөт өрттөн жабыр тарткандардын ар бирине 1 миллион сомдон компенсация берүүсү керек. Мындай пикирлерин Бишкектеги Ош базарында жана Жалал-Абаддагы борбордук соода-жайында болгон өрттүн кесепетин талкуулаган жыйында депутаттар айтып чыгышты. Алар жыл башынан бери базарларда 4 жолу ири өрт кырсыгы катталганына карабастан, эч ким жоопко тартылбай же кызматтан алынбаганын сынга алышты. Өз кезегинде өкмөт өкүлдөрү окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатканын билдиришти. Анын жыйынтыгы менен тиешелүү жактарга чара көрүлөт, дешет аткаминерлер.