Өрттөн жабыркаган соодагерлер өкмөт үйүнүн алдына чыгышты (видео)

782

Бишкектеги «Берекет» базарындагы өрттөн жабыркаган 100дөй соодагер митингге чыкты. Алар өкмөт үйүнүн алдына барышып, жабыркагандарга компенсация төлөп, соода орундарын калыбына келтирип берүүсүн суранышты. Нааразычылык акциясына чыккандардын өкүлдөрүн өкмөт башчы кабыл алды. Жергиликтүү бийликтердин айтымында, өткөн жумада болгон өрттөн 300дөй адам жабыркаган. Алардын канча материалдык чыгым тартканын учурда атайын түзүлгөн комиссия иликтеп жатат.