Өрттөн жабыркаган соодагерлерге 10 миң сомдон эле берилди (видео)

942

«Ош» жана «Берекет» базарында өрттөн жабыркагандарга материалдык колдоо көрсөтүлүп, 488 соодагерге 10 миң сомдон берилди. Бирок жардам алуу үчүн тизмеге кирбей калгандар бар. Алар боюнча кайрадан комиссия түзүлүшү мүмкүн. 13-апрелде «Берекет» базары күйүп, соодагерлер 600 миллион сомдук чыгымга учураган. Бул жактын жетекчилиги өрттөнгөн имараттын ордуна жаңысын 3 айдын ичинде тургузууну убада кылган. Бирок базардын директору азыр өзү камакта. Бир заматта күлгө айланган соода жайында эмгектендер азыр эмне менен алек?