Орус-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын узун тыгыны пайда болду

866

Россия менен Казакстандын чек арасында жүк ташып бараткан кыргызстандык унаалардын узун тыгыны пайда болгону тууралуу маалыматтар интернетке чыга баштады.

Жүк ташуучулардын көз карандысыз эмгек кошуунун жетекчиси Дастан Мирякубовдун айтымында, Россиянын Оренбург областындагы Маштаково көзөмөл өткөрмө пунктунда кыргызстандык оор жүк ташуучу унааларды, айдоочуларды ар кандай себептер менен көзөмөл-өткөрмө пунктунан өткөрбөй жатышыптыр.

Учурда чет жерде жүргөн айдоочулар Кыргызстандын тиешелүү органдарына кайрылып, маселени чечип берүүнү өтүнүшүүдө.