Орус-тажик авиация жаңжалы токтой элек

639

«Урал авиалиниялары» компаниясы Тажикстан авиация бийлигин  рынокту жалгыз ээлеп алууга аракет жасоодо деп айыптады. Бул тууралуу компания тараткан билдирүүдө айтылат.

Маалыматка караганда, 24-марттан 25-мартка караган түнү, кышкы ырааттамадан жайкы ырааттамага өтүү маалында Тажикстандын авиация бийлиги эскертүүсүз түрдө орус компаниялары аткарган каттамдардын санын 30% кыскарткан.

Авиакомпания жай мезгилиндеги учуулар тууралуу бардык талаптарды аткаруу менен 50 күн мурун билдирүү жөнөткөнүн ырастоодо. Ага карабай, тажик тарап каттамдарды аткарууга уруксат берген эмес.

«Бул рынокко монополия орнотуу үчүн орус авиакомпанияларын кысымга алган системалуу кампания аракети деген таасир калтырууда», деп айтылат билдирүүдө.

Орусиялык «Урал авиалиниялары» авиакомпаниясынын 300дөн ашуун жүргүнчүсү 26-мартта Екатеринбургдагы Кольцово аэропортунан Тажикстанга учуп кете алган эмес. Екатеринбург-Худжанд жана Екатеринбург-Душанбе каттамына билет алган жүргүнчүлөр аэропортто 13 саат отурушкан. Авиакомпания тажик тарап бул учууларга уруксат бербегенин маалымдаган.