Орус учагына кыргыз учкучунун ысымы берилди (видео)

1122

Өзгөчө эрдиги үчүн даңазаланган кыргыз баатыры! Исмаилбек Таранчиевдин ысымы Кант шаарында жайгашкан Россиянын авиабазасындагы аскердик учактын бирине ыйгарылды. Таранчиев Ата Мекендик согушта ИЛ-2 самолетунун экипажынын командири болуп, учуп бара жаткан аба кемесин так душмандардын үстүнө түшүрүп, өз жанын курмандыкка чалган. Баатырыбыздын бул эрдиги азыркыга чейин унутулбай келет. Исмаилбек Таранчиевдин атын учакка берүү иш чарасына учкучтун жакындары, өлкөнүн абадан коргонуу күчтөрүнүн кол башчысы, Россия Федерациясынын элчилигинин өкүлдөрү жана аскерлер катышты.