Орус жарандыгын алгандарга жеңилдиктер берилет (видео)

790

Россиянын жарандыгын алган мигранттарга «Мекен карточкасы» бериле баштайт! Мунун жардамы менен Кыргызстанга кирип чыккан мекендештерибиздин каттоодон өтүү мөөнөтү 1 жылга чейин узартылат. Документ 10 жылга берилип, биометрикалык паспорт сыяктуу колдонулат. Учурда сунушталып жаткан концепцияда орус жарандыгын алган кыргызстандыктардын мал-мүлкүнө кепилдик бериле турганы да жазылган. Белгилүү болгондой, учурда Россиянын жарандыгына өтүп кеткен кыргызстандыктар чет элдиктер сыяктуу эле 1 айдын ичинде каттоого турушу керек. Миграция жаатындагы мындан башка көйгөйлөр бүгүн “Республика-Ата Журт” фракциясынын жыйынында талкууланды. Жыйындын жүрүшүндө мигранттарды кара тизмеден чыгаруу маселеси да көтөрүлдү.