Орусия БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынын өткөрүүнү талап кылууда

729

Орусия Дамаскка жакын жайгашкан Чыгыш Гутадагы абалды талкуулоо үчүн бейшембиде БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү талап кылууда. Козголоңчулардын колундагы районду Сириянын өкмөттүк күчтөрү бомбалоодо.

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя, «бүгүн биз укккан жагдайды бардык тараптар эске алып, абалдан чыгуу жолдорун ойлошубуз зарыл” деп айтты.

Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы өкмөттүк күчтөрдүн бул аймакты 18-февралдын кечинен тарта бомбалоосунан кеминде 250 жайкын тургун мерт болуп, 1200дөй киши жараат алганын, өлгөндөрдүн 58и балдар экенин кабарлаган.

Куткаруучулар, байкоочулар, БУУнун өкүлдөрү бомбалоодо ооруканалар, көп кабаттуу үйлөр, базарлар бутага алынып жатканын айтышууда.

Чыгыш Гута — Сирия борбору Дамаскка жакын жайгашкан жана козголоңчулар колундагы район.

2013-жылдан бери өкмөттүн камалоосунда турган бул аймакта БУУнун эсебинде, 400 миңдей киши жашайт.