Орусия: Израиль сириялык авиабазага ракеталык сокку урду

865

Орусиянын Коргоо министрлиги Хомс провинциясындагы сириялык авиабазага израиль истребителдери ракеталык сокку урганын билдирди.

Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча бомбалоого Израиль аскер аба күчтөрүнүн F-15 үлгүсүндөгү эки учагы катышкан. 9-апрелге караган түнү сегиз ракета Ливандын аймагына кирген. Израиль аскерлери Орусия Коргоо министрлигинин билдирүүлөрүнө комментарий берген жок.

Хомс провинциясындагы сириялык аэродром аткыланганы 9-апрелге караган түнү кабарланган. 8 ракета сириялык абадан коргонуу системалары аркылуу атылып түшүрүлгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча ракеталар аэродромдун четине кулаган. Сириялык САНА агенттигинин кабарлашынча, ракеталык соккудан мерт болгондор бар, алардын так саны белгисиз. “Бул АКШнын агрессиясы болушу ыктымал», — деп билдирди агенттик.

АКШ ракеталык соккуга катышы бар экенин четке кагууда. Пентагон бул маалда Коргоо министрлиги Сирияда ависоккуларды жасаган эмес деп билдирди. Бирок ал жакта химиялык курал колдонгондорду жоопко тартуу үчүн көзөмөл жүргүзүлүп жатканы белгиленген.

Күн мурун Кошмо Штаттардын президенти Доналд Трамп Сириядагы ыктымал химиялык чабуул үчүн Орусиянын лидери Владимир Путиндин жеке өзүн, Орусияны жана Иранды айыптаган. Ал Дума шаарында ондогон адамдын, анын ичинде аялдардын жана балдардын өмүрүн алган 7-апрелде болгон ыктымал химиялык кол салууну «акылга сыйгыс химиялык чабуул» деп атаган.

Сирия бийлиги жана Орусиянын коргоо министрлиги Дума шаарында химиялык курал колдонулганын төгүндөөдө.