Орусия Казакстан менен Кыргызстандын жашылча-жемиштерин киргизген жок

896

Орусия бийлиги декабрдын башынан бери Новосибирск облусуна Кыргызстан менен Казакстандан барган ондогон тонна карантиндик жер-жемиш киргизилбегенин билдирди.

Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Новосибирск облусу боюнча башкармалыгынын маалыматына караганда, мыйзам бузууларга байланыштуу 76 тонна карантиндик продукция «Карасук» көзөмөл бекетинде кармалган.

Башкармалыктан билдиришкендей, Казакстан жана Кыргызстандан барган автоунааларды текшерүү — кыргыз курмасы, алмасы, коону жана жалпы салмагы 55,7 тоннаны түзгөн казак пиязынын таңгагында маркировка жок экенин көрсөткөн.

Андан тышкары жалпы салмагы 609 килограммды түзгөн кыргыз кагы, курмасы жана кызыл күрүчү, казактардын кургатылган кара өрүгү, анары, жаңгагы, ошондой эле кытайдын мандариндери менен жүзүмдөрүндө фитосанитардык сертификаттар жок болгон. Бул азыктар кайра артка жөнөтүлгөн.

Башкармалыктан мындан тышкары ондогон килограмм алмурут жок кылынганын билдиришти. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча жалпы салмагы 36 килограммды түзгөн Казакстандан барган фитосанитардык сертификаты жок эки алмурут партиясы кармалган. Аларда Бельгиянын жана Нидерландынын маркировкалары болгон. Кийин кармалган азыктар жок кылынган.