Орусия Кыргызстанга машыгуу үчүн «Искандер-М» комплекстерин жөнөттү

692

Орусиялык аскерлер биринчи жолу Уралдан Кыргызстанга КМШ өлкөлөрүнүн “Ысык-Көл- Антитеррор-2018” машыгуусуна “Искандер-М” оперативдүү-тактикалык комплекстерин жөнөттү. Бул тууралуу ТАСС Орусия Борбордук аскер округунун маалымат кызматына таянуу менен билдирди.

Урал ракеталык аткычтары “Эдельвейс” тоолуу полигонунда шарттуу террорчулардын лагерине чабуул жасайт.

ТАСС маалымдагандай, 24-26-сентябрда өтө турган эл аралык машыгууга миңге жакын орусиялык аскер катышат. Буга чейин Кыргызстанга Тыквадан тоолуу мотоаткычтар бригадасынын батальон-тактикалык тобу жөнөтүлгөн. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети бул маалыматка комментарий бере албасын айтты.

«Искандер-М» жакынкы аралыкка атуучу баллистикалык ракета болуп эсептелет.

ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, машыгуу үчүн бомбалоочу алты Су-24М учагы да жөнөтүлдү. Орусиялык учкучтар шарттуу мыйзамсыз куралдуу топтор жайгашкан аймактарга жана лагерлерге сокку уруу үчүн даярдык көрүшүүдө.