Орусия, Түркия жана Иран Сирия боюнча макулдашууга кол коюшту

876

Орусия, Түркия жана Иран Сириядагы жаңжалды тынчтык жол менен жөнгө салуу боюнча макулдашууга кол коюшту. Документ үч өлкөнүн бул багыттагы мындан аркы кызматташтыгын аныктайт.

22-ноябрда Сочидеги үч тараптуу саммиттин жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында Орусиянын президенти Владимир Путин үч өлкө лидерлери өз дипломаттарына, коопсуздук жана коргонуу күчтөрүнө Сирия элдеринин конгрессин уюштуруунун үстүнөн иштөө тапшырмасын бергендигин билдирди.

Ирандын президенти Хасан Роухани Конгресс Сириянын жаңы конституциясын иштеп чыгууга жардам бере аларын айтты. Анын негизинде өлкөдө шайлоолор өтөт деп болжолдонууда. Өз кезегинде Түркия лидери Реджеп Эрдоган Сирияда муктаж адамдар үчүн гуманитардык жардамдарга жетүү мүмкүндүгүн ачуу зарылдыгын белгиледи.