Орусияда беткапчан адамдар мектепке кол салышты. Жабыркагандар бар

850

Орусиянын Пермь шаарында беткапчан адамдар №127 мектепке кол салышты. Сегиз окуучу жана бир мугалим бычактан жаракат алып, экөөсүнүн абалы оор экени кабарланууда. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Пермь крайынын Аймактык коопсуздук министрлигинин басма сөз катчысы Елена Дубнинанын айткандарына таянып жазды.

Мурдараак РБК мектеп директоруна шилтеме кылуу менен бир мугалим жана 4-класстын бир нече окуучусу барымтада экенин билдирген.

Күбөлөр учурда окуу жай полиция тарабынан курчоого алынып, анда укук коргоо органдарынын кызматкерлери иштеп жаткандыктарын билдиришүүдө. Калган окуучулар жакын жайгашкан соода борборуна эвакуацияланган.