Орусияда мигранттарды каттоону катаалдаштырган мыйзам күчүнө кирди

685

Орусияда эмгек мигранттарын каттоого алуу эрежелерин катаалдаштырган мыйзам күчүнө кирди. Ага Орусиянын президенти Владимир Путин июндун аягында кол койгон.

Мыйзамга ылайык, мындан ары өлкөгө иштегени барган мигрант жашаган жеринде гана каттоого турушу керек болот. Мурда жумуш берүүчү мигранттарды ишкананын юридикалык дареги боюнча каттоого алып келсе, эми ага уруксат берилбейт.

Эксперттердин көбү жаңы талаптарды аткаруу дээрлик мүмкүн эмес экенин жана мигранттардын көбүнүн каттоосу мыйзамсыз бойдон каларын божомолдошууда. Мындан тышкары Орусия полициясы мигранттарды депортация кылуу менен коркутуп, алардан кошумча акча алуу мүмкүндүгүнө ээ боло тургандыгы белгиленүүдө.

Расмий маалыматтар боюнча учурда Орусияда тогуз миллионго жакын эмгек мигранты бар.