Орусияда мурдагы губернатор коррупцияга айыпталды

622

1-февралда Москванын райондук соту Киров облусунун мурдагы губернатору Никита Белыхты пара алгандыгы үчүн айыптуу деп тапты. Өкүм кийин угузулмакчы.

Прокуратура экс-губернаторду 10 жылга кесүүнү жана 100 миллион рубль айып пул төлөтүүнү сураган.

Белых өзү күнөөсүн моюнга алган жок жана бул ишти атайын кызматтардын чагымы деп эсептейт. Аны кармоону Федералдык коопсуздук кызматынын генералы Олег Феоктистов көзөмөлдөгөн. Ошол эле генерал мурдагы экономика министри Алексей Улюкаевдин иши менен алектенген.