Орусияда жеке адамдардын колунда 17 миллиондон ашык курал-жарак бар

971

Орусияда жеке адамдардын менчигинде 17,6 миллион даана кичикалибрдеги курал-жарак (көбүнчө тапанчалар) бар. Бул Европа өлкөлөрүнүн ичиндеги эң жогорку жана дүйнөдөгү бешинчи көрсөткүч болуп эсептелет.

Мындай маалыматтар 18-июнда Small Arms Survey иликтөө борбору тарабынан жарыяланды.

Бул көрсөткүч боюнча Европада экинчи орунда (дүйнө боюнча сегизинчи орунда) Германия жайгашкан. Бул өлкөдө 15,8 миллион даана курал жеке адамдардын колунда. Курал-жарактардын санынын көптүгү боюнча дүйнөдө биринчи орунда АКШ турат. Анда 393,3 миллион курал жеке адамдардын колунда. Андан соң Индия, Кытай, Пакистан жана Орусия жайгашкан.

АКШда 100 адамга 120, Йеменде 53, Черногория менен Сербияда 39, Германияда 20 жана Орусияда 12 даана курал-жарак туура келет.

Small Arms Survey борборунун маалыматына караганда, дүйнөдөгү кичикалибрдүү курал-жарактын 85 пайызы же 857 даанасы жеке адамдардын колунда. Ошол эле маалда аскерлерде, полициячыларда жана атайын кызмат өкүлдөрүндө мындай куралдын болгону 156 миллион даанасы гана бар.

Борбордун маалыматына ылайык, акыркы он жыл ичинде жеке адамдардын колундагы курал-жарактын саны 207 миллион даанага көбөйгөн. Иликтөөнүн авторлорун буга аталган жылдар аралыгында 122 миллион даана курал сатып алган америкалыктар чоң түрткү болду деп эсептешүүдө.