Орусияда жүк ташуучу унаадан үч казак жаранынын сөөгү табылды

657

РБК медиакомпаниясы Москва алдындагы Чехов районунда жук ташуучу унаадан үч кишинин сөөгү табылганын кабарлады. Компания Орусия ИИМинин Москва облустук башкармалыгына шилтеме жасоо менен өлгөн кишилер Казакстан жарандары экенин билдирди.

Текшерүү жүрүүдө. Баштапкы маалыматтар боюнча алар иске ууланган болушу ыктымал.

«Интерфакс» агенттиги өз булактарына таянуу менен 35-40 жаштагы кишилер каза тапканын, алардын биринин аты-жөнү такталганын кабарлады. Агенттиктин маектешинин билдиришинче, жүк ташуучу унаанын салонунан газ жандыргыч жана спирт ичимдиктери табылган.

Казакстандын тышкы иштер министрлиги өлгөн жарандар тууралуу маалыматтарды тактоодо.

“Биз бул окуя тууралуу билебиз. Москвадагы казак дипломаттары жергиликтүү тергөө органдары менен байланышта. Тергөө жүрүүдө. Өлгөндөрдүн казак жарандары экенин тастыктаган маалыматтар али жок”, — дейт Казакстан ТИМинин басма сөз кызматы.