Орусиядагы шайлоого жарандардын катышуусу 67% ашты

689

Жекшембиде өткөн Орусиядагы президенттик шайлоого добуш берүү укугуна ээ жарандардын 67 пайыздан ашыгы катышты. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Николай Булаев билдирди.

Маалыматка караганда, Владимир Путинге шайлоочулардын дээрлик 77% же 55 миллиондон ашыгы добуш беришкен. Экинчи орунда 12,05% менен Коммунисттик партиядан Павел Грудин турат. Либералдык-демократиялык партиянын лидери Владимир Жириновскийге шайлоочулардын 5,7%, тележурналист Ксения Собчакка 1,59, «Яблоко» партиянын негиздөөчүсү Григорий Явлинскийге 1 пайызы добуш берген. Калган үч талапкер (Борис Титов, Максим Сурайкин жана Сергей Бабурин)бир пайызга жетпеген добуш топтогон.

 

65 жаштагы Владимир Путин Орусияны 2000-жылдан бери башкарып келатат. 13 жыл өлкө президенти болсо, дагы төрт жыл өкмөт башчы болуп иштеген. 18-мартта шайлоодон кийин Путин азырынча Конституцияны өзгөртүүнү пландабаганын жана жаңы премьер-министрдин талапкерлиги тууралуу ойлоно электигин билдирди. Ал бардык билдирүүлөр инаугарациядан кийин болорун кошумчалады.