Орусиялык дагы беш спортчу мелдештерден четтетилди

767

Эл аралык олимпиадалык комитет беш орусиялык спортчуну мелдештерден өмүр бою четтетти. Скелетонист Сергей Чудинов, бобслеисттер Алексей Негодайло менен Дмитрий Труненков, андан тышкары биатлонисттер Яна Романова менен Ольга Вилухина кызытма колдонуу боюнча айыптуу деп табылды.

Алардын Сочи Олимпиадасындагы ийгиликтери жокко чыгарылды. Ошентип Орусия 2014-жылдагы оюндардын эсебинен дагы эки алтын, үч күмүш медалынан айрылды.

Буга чейин антидопинг эрежелерин бузагын үчүн 10дон ашуун спортчусу дисквалификацияланган. Натыйжада орус курама командасы оюндардын расмий эмес эсебинде биринчиликтен кол жууган. Ричард Макларендин көз карандысыз комиссиясынын эки жыл мурун жарыялаган иликтөөсүнө ылайык, Орусияда миңден ашуун спорчу допинг колдонгон. Тыюу салынган препараттарды пайдаланууну – мамлекет кубаттап турган.

Он жети өлкөнүн допингге каршы агенттиктери Орусияны 2018-жылдагы Олимпиада оюндарынан четтетүүнү талап кылышууда. Бул маселе боюнча акыркы чечим декабрдын башында кабыл алынары күтүлүүдө.