Орзубек Назаров ИИМ менен соттошуп жатабы? (видео)

1004

Белгилүү спортчу Орзубек Назаров Ички иштер министрлиги менен соттошууда. Бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону кызы катышкан жол кырсыгына милиция кызматкерлерин күнөөлөп келет. Бул тергөө ишинде дагы аныкталды, дейт Назаров. Эске салсак, жарым жыл мурда Бишкекте мотоцикл менен автоунаа кагылышып, анын кесепетинен эки адам каза тапкан. Мушкердин кызы оор жаракат алып, бир нече операцияларды башынан өткөргөн. Орзубек Назаров келтирилген чыгымды 10 миллион сом деп баалады. Бирок эң башкысы — мыйзам бузган тартип сакчыларын жазалатуу, дейт спортчу.