Ош: 3 жашка толо элек баласын чала жан кылып сабаган эне (видео)

1402

Ош шаарында 3 жашка толо элек өз баласын чала жан кылып сабаган аял камакка алынды. Учурда бул боюнча кылмыш-жаза кодексинин «бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголду. Эске салсак, кечээ Ош областтык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө оор жаракат алып, эс-учунан танып калган бала жеткирилген. Дарыгерлерге аны алып келген аял бала «тепкичтен кулап кетти» деп айткан. Бирок ак халатчандар  наристенин денесин карап чыккандан кийин, ал денеси көгала болуп, ички органдары жабыркаганын жана мээсине кан уюп калганы аныкташкан. Тергөө маалында, шектүү аял өз баласын кепкир менен сабаганын мойнуна алган.