Ош: 400гө жакын үй-бүлө өмүрүн тобокелге салууда (видео)

1086

Ош областынын Өзгөн районунда 400гө жакын үй-бүлөнүн өмүрү коркунучта. Алар жер көчкү жүрүшү мүмкүн деген аймактан көчпөй жатышат. Тоң ээрип, жер кыртышы бошой баштаганы абалды ого бетер курчутууда. Эске салсак, былтыр так ушул айылда 24 адам көчкүнүн алдында калып каза тапкан. Жаратылыш кырсыгы дагы кайталануу коркунучу болгондуктан, Аюу-Сай айылынын элине башка жайга көчүү тууралуу бир нече жолу эскертүү берилген. Бирок тургундар ата конуштарын таштагысы келбей өмүрлөрүн тобокелге салып жашап келишет.