Ош: 5-кабаттан секирген кыз — көз жумду (видео)

945

Ош шаарындагы көп кабатуу үйдүн бешинчи кабатынан секирген кыз көз жумду. Эскерте кетсек, апрелдин 23-нөн 24-нө караган түнү Түштүк борбордогу 12 кабаттуу үйдө өрт чыгып, 6 адам ар кандай жаракаттар менен оруканага түшкөн. Алардын көпчүлүгү иске ууланып, экөө 5 кабаттан секирип, жалындан сактанууга аракеттенишкен. Жабыркаган кыз эсин жоготуп, анын өздүгү такталбай жаткан болчу. Анын сүрөтү социалдык тармактарга жайгаштырылгандан кийин, ал кыз ким экендиги аныкталып, ал 1990-жылы туулган Алай районунун тургуну экени белгилүү болду. Ош шаарындагы бул көп кабаттуу үйдү ушуну менен экинчи ирээт өрт каптап жатат. Эки кырсыктын тең себеби — өчүрүлбөй калган чылым болгону айтылууда.