Ош: 6 айдан 1,5 жашка чейинки наристелердин жарышы (видео)

1270

Ош шаарында “Менин алгачкы ийгилигим” деп аталган кичинекей бөбөктөр арасындагы мелдеш болуп өтүп, анда буту баса элек балдар жөрмөлөп жарышышты. Мындай мелдеш Ош шаарында биринчи жолу уюштурулуп, ага 6 айдан 1,5 жашка чейинки 70 бала катышты. Күлүк наристелердин таймашы 1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата уюштурулуп, анда жеңүүчүлөргө атайын белектер тапшырылды.