Ош: абанын булгануусунан улам пайда болгон оорулар (видео)

792

Ош шаарында абанын булгануусунан улам өнөкөт ооруулар күч алды. Бул тууралуу түштүк борбордун тургундары айтышууда. Өзгөчө Ош шаарынын Манас-Ата кичи шаарчасынын тургундары арасында көк-жөтөл, бронхит, астма сымал илдеттер көп катталып жатат. Жашоочулардын айтымында, буга аймактагы чакан, жеке заводдордордо мешке синтетикалык таштандылардын жагылып жана андан уулуу заттардын абага чыгуусу себеп болууда. Мындай арыз-даттануулардын көптүгүнөн улам бугун Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош регионалдык инспекциясынын кызматкерлери калаадагы от казандарды текшерүүгө алышты. Анын жүрүшүндө бир топ эреже бузуулар аныкталып, эскертүүлөр берилди. Эгер кемчиликтер жоюлбаса, айыптууларга акчалай айып пул салынат.