Ош аэропортунан Россияга 3 кг героинди жеткирүүнү көздөгөндөр кармалды

641

Ош аэропортунан 3 килограмм героинди Россияга жөнөтүүгө аракет кылгандар колго түштү. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери, 30-март күнү Ош эл аралык аэропортунан коңшу мамлекеттердин биринин 3 жаранын кармашкан.

Алардын багаждарын текшерүү учурунда, жашыруун сактоочу жай табылып, андан жалпы салмагы 3 килограммдан ашык 57 таңгак алынган. Алдын ала маалыматтар боюнча, табылган заттар героин. Кылмыштуу топ ал баңгизатын Кыргызстандан Россияга жеткирүүнү көздөгөн.

Шектүүлөр Ош шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Аларга карата «баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда бул кылмыштын уюштуруучуларын жана ага тиешеси бар башка адамдарды кармоо аракеттерин көрүп жатканы маалымдалды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.