Ош аэропортунун кызматкерлери жетекчисине нааразы (видео)

1469

Авиациялык коопсуздук кызматында иштегендер башчысы Абдибаит Матиевдин жумуштан кетишин талап кылышууда. Нааразылардын айтымында, ал кол алдындагыларга орой мамиле жасап, ал тургай кол көтөрүүгө чейин барат. Матиевдин бул кызматка дайындалганына 10 күн боло элек.

Бирок эмгек жамааты коопсуздукту камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы менен иштешүүдөн баш тартууда. Ал эми Абдибаит Матиев кызматкерлердин уставга туура келбеген жүрүм-турумдарын аныктагандан кийин ушундай мамилеге кабылып жатканын билдирди. Учурда эки тараптын пикир келишпестиги боюнча иликтөө жүрүп жатат.