Ош-Араван жолунда эки жеңил унаа сүзүшүп, 3 адам каза болду (видео)

1373

Ош-Араван жолунда эки жеңил унаа сүзүшүп, 3 адам каза болду. Арасында 2 айлык наристе бар. «Тойота Ипсум» үлгүсүндөгү машина Оштон Араванды көздөй бара жатып, каршы тилкеге чыкканда «Жигули» унаасы менен кагышкан.

Мунун кесепетинен Жигулинин айдоочусу, унаанын ичиндеги 2 айлык наристе жана дагы бир жүргүнчү окуя болгон жерден мерт кеткен. Ал эми 6 жүргүнчү Араван аймактык ооруканага жеткирилген. Алынган маалыматтар боюнча, «Тойота Ипсум» унаасында 2 адам болгон. Алар жабыркаган эмес.