Ош: Балдардын өмүрүнө коркунуч келтирген мектеп (видео)

956

Ош областынын Ноокат районундагы Өрнөк мектеби авариялык абалга келип, урап калуу коркунучу бар экенине карабастан, мугалимдер айласыз айрым сабактарды ал имаратта өтүүгө мажбур. Себеби окуу класстары ирээтине орнотулган 2 чатырга айылдын балдары 3 нөөмөт менен окуган күндө да, батпай калып жатышыптыр. Ал арада 3 жыл мурда башталган жаңы окуу имаратынын пайдубалы салынган бойдон курулуш иштери ордунан жылбай турат. Ата-энелер болсо, быйыл жаңы окуу жылында дагы балдарыбыз чатырда окушабы деп катуу нааразы болушууда. Себеби Өрнөк мектебинин имараты бир аз жер титиресе эле кулап калышы мүмкүн деп адистер эскертишүүдө.