Ош: балдарын эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер көбөйүүдө (видео)

702

Ош областында балдарын эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелердин саны көбөйүүдө. Бул тууралуу аймактык иммунология борборунун өкүлдөрү билдиришти. Адистердин айтымында, быйыл областта алгачкы 5 айда эле вакцинациядан 250 үй-бүлө баш тарткан. Ал эми былтыр республика боюнча балдарын эмдетүүдөн качкан ата-энелердин саны 7 миңден ашкан. Алардын көпчүлүгү диний көз караштардан улам мындай кадамга барышса, калгандары вакциналардын сапатынан күмөн санап келишет. Дарыгерлер болсо, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эмделген баланын ден-соолугу бир топ илдеттерге туруштук берерин айтышканы менен, ал аракеттерден майнап чыкпай жатат.