Ош-Баткен-Исфана жолунда 40-тонналык автоцистерна оодарылып кетти

945

Ош-Баткен-Исфана жолунда май ташып бараткан 40-тонналык автоцистерна оодарылып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматтарга караганда, кырсык Баткен областынын Кадамжай районунун Пүлгөн айылына жакын жерде болгон.

Алдын ала маалыматтарга караганда, авариядан эч ким жапа чеккен эмес. Ал эми солярка жолго тогүлгөн. Эске салсак, акыркы 4 апта аралыгында эле күйүүчү май ташыган унаалардын катышуусу менен 8 жол кырсыгы катталган.

Алардын биринде автоцистерна Суусамыр суусуна түшүп кетип, бир киши каза тапкан. Андан соң, атайын чарбада өстүрүлүп жаткан 7 тоннага жакын балык кырылган.