Ош базары башка жакка көчүрүлбөйт (видео)

924

Бишкектеги «Берекет» базарынын директору менен техникалык коопсуздук боюнча кызматкери тергөө аяктаганга чейин камакта болот. Мындай чечим сот тарабынан кабыл алынды. Соода жайдын жетекчилиги кармалгандыгына байланыштуу эми өрттөнгөн соода орундарын калыбына келтирүү узакка созулуп кетпейби, деген суроо жаралууда. Азырынча кырсык болгон жер өрттөн кийинки калдыктардан тазалана элек. Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Ош базарына барып, жабырлануучулар менен жолукту. Аткаминер насыясы барларга жеңилдиктер каралаарын жана ири көлөмдөгү зыянга учурагандарга жардам көрсөтүлөөрүн убада кылды. Ошондой эле, Аскаров Ош базары башка жерге көчүрүлбөйт, деп так кесе айтты.