Ош базарын ким, эмне максатта өрттөдү? (видео)

546

Ош базарын кайрадан өрт каптады. Бүгүн таңга маал алоолонгон жалын 2 миң чарчы метр аянтты жалмап кетти. Кырсыктын кесепетинен келип чыккан чыгым миллиондоп саналууда. Учурда Жарандык коргонуу комиссиясы так санын эсептеп жатат. Алдын-ала божомолдор боюнча, өрт атайын бирөө тарабынан коюлган. Анткени дароо үч жерден башталганы айтылууда. Мындан улам, милиция «мүлктү атайылап жок кылуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

comments powered by HyperComments