Ош базарына атайын өрт коюлушу мүмкүнбү? (видео)

836

Бишкектеги Ош базарындагы дагы бир жолу өрт чыгуусу боюнча бир нече божомолдор текшерилүүдө. Алардын арасында «атайылап өрт коюу» версиясы дагы бар. Эске салсак, кечээ кечки саат тогуздардан өтүп Ош базарынын «Сейтек» соода жайында өрт чыгып, жалын миң чарчы метр аянтты каптаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери кырсыктын себептерин иликтеп жатышат. Буга чейин 30-январда дагы Ош базарында өрт чыгып, ал 3 миң чарчы метрден ашуун аянтка жайылып, жүздөн ашуун соода ордун толугу менен жок кылган.