Ош базарында чыккан 3 ири өрт боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыкты

665

Жыл башында Бишкектеги Ош базарында чыккан 3 ири өрт боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу маалымат жыйында Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү маалымдашты. Алгачкы эки кырсыкта зымдардын тийишүүсүнөн улам, от чыкканы аныкталган. Ал эми үчүнчү өрртү кимдир бирөөлөр атайын коюусу мүмкүн.

Учурда Ички иштер министрлиги дагы бир экспертиза дайындалганын айтышты. Ал комплекстик түрдө болуп, тажрыйбалуу адистер комиссиялык экспертизаны даярдап чыгышат. Анын жыйынтыгы менен гана бир бүтүм чыгарабыз, дешет укук коргоо органынын кызматкерлери.

Буга чейин базар жетекчилигинен 2 адамга байланыштуу иш сотко өтүптүр. Ошондой эле, Башкы прокуратура экологиялык жана техникалык мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгогон.