Ош базарында чыккан өрттө 4 соода күркөсү күйүп кетти (видео)

2585

Ош базарында чыккан өрттө 4 соода күркөсү толугу менен күйүп кетти. Аларда кийим-кечек, үй тиричилигине керектелүүчү буюм-тайымдар сатылчу. Жалын каптаган аймактын аянты 270 чарчы метрди түзөт. Куткаруучуларга өрт туурасында маалымат таңкы саат 6:00 чамасында келип түшкөн.

Кырсык катталган жерге 5 бригада тартылып, алар жалынды 5 саатка жакын убакыт өчүрүшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, өрттүн келип чыгуусуна жылыткычтын өчүрүлбөй калуусу себеп болгон. Бактыга жараша эч ким жабыркаган жок.