Ош базарында өрт чыкты (видео)

790

Бүгүн эртең менен Бишкектеги Ош базарында чоң өрт чыкты. Саат ондор чамасында соода жайындагы кийим-кече саткан күркө күйүп, асманды коюу кара түтүн каптады. Кырсык катталган жерге Бишкектеги өрт өчүрүү кызматынан 10дон ашык бригада тартылды. Коюу түтүн аралаш жалын каптаган маалда эки киши иске ууланып, ооруканага жеткирилди. Маалыматтарга караганда, тилсиз жоо базардын үч жарым миң чарчы метр аянтын жалмаган. Өрттүн келип чыгуу себептери азырынча тактала элек. Алдын-ала маалыматтарга караганда, электр зымдарынын тийишүүсүнөн чыгышы мүмкүн.